Ак-Талаадагы 18 орто мектеп аккредитациядан өттү

Ак-Талаадагы 18 орто мектеп аккредитациядан өттү

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы бардык орто мектептер аккредитациядан өттү. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Ильич Жакшылык уулу билдирди.

Маалым болгондой, Билим берүү жана илим министрлигинин «Билим берүү мекемелерин аккредитациялоодон өткөрүү» жөнүндөгү буйругуна ылайык, райондогу 18 мектеп аккредитациядан өттү.

«Райондогу бардык мектептер 2023-жылга чейин аккредитациядан өтүштү. Аларга сертификаттар салтанаттуу түрдө тапшырылды. Иш-чарага мектеп директорлору жана алардын окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлары катышты», - деди И.Жакшылык уулу.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up