Тыйын санагыч. Ак-талаалык окуучу эл аралык сынакта 3-орунду ээлеп, Илимдер академиясынын стипендиаты болду (видео, сүрөт)

Тыйын санагыч. Ак-талаалык окуучу эл аралык сынакта 3-орунду ээлеп, Илимдер академиясынын стипендиаты болду (видео, сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылындагы Э.Карасартов атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Шаршенбек уулу Бусурман эл аралык сынакта 3-орунду ээледи. Бул тууралуу аталган мектептин директору Венера Мырзалымбекова билдирди.

Маалым болгондой, Ысык-Көл облусунда «Биз — XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз» эл аралык сынагы өткөрүлүп, анда аталган мектептин окуучусу Шаршенбек уулу Бусурман тыйын санагыч аппарат жасаган. Жыйынтыгында 3-орунду ээлеп, III даражадагы диплом менен сыйланып, Улуттук илимдер академиясынын стипедиаты болду.

Аталган сынакка жалпы 300 окуучу катышкан.

Бусурмандын сынакка барууга жана катышууга кеткен чыгымдары аталган мектеп тарабынан каржыланган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up