Ак-Талаадагы мектеп жетекчилерине жыйынтыктоочу сынактарды уюшкандыкта өткөрүү тапшырылды

Ак-Талаадагы мектеп жетекчилерине жыйынтыктоочу сынактарды уюшкандыкта өткөрүү тапшырылды

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмү тарабынан жыйыктоочу мамлекеттик аттестация боюнча жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган бөлүмдүн жетектөөчү адиси Ильич Жакшылык уулу билдирди.

Маалым болгондой, райондогу 18 мектептин директорлору жана алардын окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлары менен биргеликте талкуу болуп, билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кеңири түшүндүрмө берилди.

Жыйынга райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев катышып, мектеп жетекчилерине алдыда боло турган сынактарды уюшкандыкта өткөрүүнү тапшырды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up