Кыргызстандык окуучулар Таиланддагы математика олимпиадасында 1 алтын жана 8 коло медаль багындырышты (сүрөт)

Кыргызстандык окуучулар Таиланддагы математика олимпиадасында 1 алтын жана 8 коло медаль багындырышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Таиландда 5-8-апрель күндөрү «TIMO-2019» эл аралык математика олимпиадасы өтүп, ага Кыргызстандын атынан эл аралык мектептен 15 окуучу катышты. Жыйынтыгында 1 алтын, 8 коло медалдарды багынтышканын мектептин математика мугалими Мелисбек Гаппаров билдирди.

Анын маалыматына караганда, олимпиадага 16 өлкөдөн 1500 окуучу катышкан.

6-класстын окуучусу Илим Станкулов алтын медалдын ээси болду. Эми ал Японияда өтө турган жеңүүчүлөр арасындагы таймашта ат салышат.

Коло медаль алган окуучулар:

1. Станбеков Рамазан (6-класс);

2. Ахмет Хусрев Кучукоглу (5-класс);

3. Муктарбеков Атахан (5-класс);

4. Бактыбек уулу Абдурахим (4-класс);

5. Кейжен Ванг (4-класс);

6. Тургунбаева Асема (3-класс);

7. Махатова Амалия (3-класс);

8. Элмуратов Айбек (2-класс).

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up