Кочкордогу Н.Жүндүбаева мектебинде «Китеп — биздин досубуз» фестивалы өттү (сүрөт)

Кочкордогу Н.Жүндүбаева мектебинде «Китеп — биздин досубуз» фестивалы өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Кочкор районунун Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясында Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата USAID уюштурган «Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун алкагында «Китеп — биздин досубуз» аттуу фестиваль өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ак-Чий орто мектебинин директору Дайырбек Айдарбеков билдирди.

Фестивалды аталган долбоордун улуттук тренери Астра Асаналиева жана Латипа Жутабаева уюштурган.

«Келгиле, окуйбуз!» долбооруна райондогу 11 мектептен 59 мугалим, 1 миң 163 окуучу катышып, иш алып барышууда. Окуучулар жана мугалимдер өздөрү колго жасаган китептерин, демөөрчүлөр тарабынан берилген китептерди көргөзмөгө коюшту. Фестивалда «Тыбышты кабыл алуу», «Альфавит менен таанышуу», «Сөз байлыгы», «Шар окуу», «Окуганын түшүнүү», «Инсанга багытталган окутуу», «Башталгыч класстардын окуучуларынын окуу көндүмдөрүн калыптандырууга ата-энелерди жана коомчулукту тартуу» деген темаларда окуучулар сценкаларды коюшуп, аткаруучулук жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүштү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up