Окуучулар терезени сыртынан жуушкан. Бишкектеги мектептин директору сөгүш алды (видео)

Окуучулар терезени сыртынан жуушкан. Бишкектеги мектептин директору сөгүш алды (видео)

Билим АКИpress - Бишкек шаарындагы №4 мектептин директору сөгүш алды. Бул тууралуу 23-апрелде Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова маалымдады.

Анда депутаттар социалдык тармактарда тараган видеону талкуулашкан. Видеодо окуучулар терезенин сыртына чейин чыгып, айнекти жууп жатканын көрүүгө болот.

Депутат Адиса Имангазиева окуучуларга терезени мындай жол менен жуудуруу туура эместигин айтты. «Бул абдан коркунучтуу. Кудай сактасын», - деди ал.

Мейрманова окуучуларга терезе жуудурууга тыюу салынганын айтты. Ал эми текшерүүнүн жыйынтыгында директорго сөгүш жарыяланган.

«Ата-энелер менен сүйлөштүк. Бактыга жараша, алардын доосу жок. Мектеп КМШ өлкөлөрүнөн делегациянын келишин күтүп, даярданып жатышкан. Жыйноо-тазалоо иштери жүргөн экен. Ошол маалда класс жетекчи да бар болгон, ал парта жууп жатып, көңүл бурбай калган. Көрөрү менен окуучуларды коркутуп албоо үчүн акырын чакырган», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up