Психотроптук заттар менен кармалган студенттер. ИИМ Академиясында кызматтык териштирүү башталды

Психотроптук заттар менен кармалган студенттер. ИИМ Академиясында кызматтык териштирүү башталды

Билим АКИpress - Баңгизатын жүгүртүүгө шектелип кармалгандардын бири — 2000-жылы туулган А.Д. ИИМдин Академиясынын курсанты эмес, студенти экендигин жана Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкери катары эсептелбей турганын ИИМдин Академиясынан билдиришти (курсант «К» тамгасы бар погон тагынып, милициянын формасын киет).

Студент А.Д. ИИМдин Академиясынын акы төлөп окуу факультетинде 2-курста билим алып жаткан. Ал 19-апрелде сабакка катышып, 20-21-апрель эс алуу күндөрү болгон. Ал эми 22-23-апрелде сабакка катышкан эмес. Бул боюнча факультеттин кызматкерлери телефон аркылуу апасы менен байланышканда баласы ооруп жаткандыгын билдирген.

Аталган факты боюнча ИИМдин Академиясында кызматтык териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

«Баракелде» басылмасынын маалыматы боюнча, УКМКнын кызматкерлери Борбор Азия өлкөлөрүндө баңгизаттарын жеткирүү менен алектенип жүргөн кылмыштуу топтун ишин ачыкка чыгарды. Комитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, ыкчам тактоо иштеринин алкагында бул топтун ишин Кыргызстандын аймагында жайылтууга көмөк көрсөтүп турган 2 студент колго түшкөн.

Шектүүлөр — ИИМ Академиясында 2-курста билим алган А.Д. (2000-жылы туулган) жана Ж.Баласагын атындагы КУУнун 2-курсунун студенти Н.Н. (1999-жылы туулган). А.Д. текшерилген учурда 1 кг 75 гр салмактагы спайс заты табылган. Бул затты кичине көлөмдөн жаштар арасында сатышмак. Анын «кара базардагы» баасы болжол менен 3 млн сомго жетет.

Бул факты Жазык кодексинин 267-беренесиндеги 3-бөлүмдүн негизинде Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери улантылып жатат.

Ал эми Кыргыз улуттук университетинин басма сөз кызматы комментарий берүүдөн баш тартты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up