Бала бакчада 1 керебетке 3-4 баланы эмне үчүн жаткырышкан? Башкармалыктын жообу

Бала бакчада 1 керебетке 3-4 баланы эмне үчүн жаткырышкан? Башкармалыктын жообу

Билим АКИpress - Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы социалдык тармактарда тараган бала бакчадагы видео боюнча түшүндүрмө берди. Видеодо жерде жана керебетте 3-4 бала жатканын көрүүгө болот.

Соцтармактарга тараган видео Касым конушунда жайгашкан №1 бала бакчада тартылган. Бакча 2008-жылы ачылып, 140 орунга ылайыкташтырылган. Бүгүнкү күндө ал жакка 290 бала барат.

Билим берүү башкармалыгынан билдиришкендей, бала бакчадагы тайпалардын биринде 19-апрелде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, сыр жыттанып турган. Коопсуздукту камсыздоо максатында уктоо убактысында бардык балдарды оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан жерден алыс жайгашкан бир бөлмөгө чогултушкан.

Мекеменин жетекчиси Айнагүл Малдыбаеванын сөзүнө караганда, бала бакчада балдар үчүн бардык шарттар бар.

«Бала бакча «Бала бакчадагы инклюзия жана көп түрдүүлүк баалуулуктары» пилоттук долбооруна катышат. Анда көп жылдык стажы бар педагогдор иштешет. Ошондой эле балдар бекитилген менюнун алкагында уюштурулган салмактуу тамак-аш менен камсыз болгон.

Шаарды өнүктүрүү программасынын алкагында жаңы бала бакчаларды куруу пландалган. Андан тышкары, «Бала бакчаларга электрондук кезек» системасы кабыл алууну көзөмөлдөп, Бишкектеги бала бакчалардын тайпаларын толушун жөнгө салат», - деп айтылат башкармалыктын маалыматында.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up