Кара-Балтада «Мекен» аскердик-патриоттук коомунун 30 жылдыгы белгиленди (сүрөт)

Кара-Балтада «Мекен» аскердик-патриоттук коомунун 30 жылдыгы белгиленди (сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Кара-Балта шаарында «Мекен» аскердик-патриоттук коомунун 30 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу Жайыл райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Гүлиза Жунушбаева аймактык кабарчыга айтып берди.

Анын айтымында, салтанаттын биринчи бөлүгү Жайыл райондук мамадминистрациянын борбордук аянтчасында өттү. Ага райадминистрациянын, билим берүү бөлүмүнүн, аскердик комиссариатынын, райондук ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрү, Улуттук гвардиянын жоокерлери, мугалимдер жана окуучулар катышты.

«Алгач жетекчилер куттуктоо сөз сүйлөшүп, «Мекен» коомунун ишмердүүлүгүнө, өзгөчө, жаштарга аскердик-патриоттук тарбия берүүдө демилгелүү иштер жүргүзүлүп жатканына токтолушту. Андан соң жоокерлер параддан өтүштү. Ошондой эле алдыңкы аскер кызматкерлерине төш белгилер тагылды.

Ал эми экинчи бөлүгү «Манас» спорттук комплексинде өтүп, спорттук беттешүүлөр менен коштолду. Жеңүүчүлөргө коом тарабынан баалуу сыйлыктар тапшырылды. Бул иш-чаранын өзгөчөлүгү — жаш муундарга үлгү болуу жана өз мекенин, эл-жерин коргоого, сүйүүгө тарбиялоодо. Катышуучулар мындай иш-чараны өткөрүп туруу учурда өтө маанилүү экендигин белгилешти», - деди Г.Жунушбаева.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up