Жалал-Абаддагы 3 шаардын мугалимдери менен тарбиячылары тажрыйба алмашты (сүрөт)

Жалал-Абаддагы 3 шаардын мугалимдери менен тарбиячылары тажрыйба алмашты (сүрөт)

Билим АКИpress - Кара-Көл шаарындагы №3 М.Фрунзе атындагы орто мектебинде 19-апрелде «Жаңы муунга жаңы окуу усулдар» аталышындагы иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Иш-чарага Таш-Көмүр, Токтогул жана Кара-Көл шаарларындагы бала бакчалардын тарбиячылары жана мектеп мугалимдери катышты. Катышуучулар аталган мектептин директорунун окуу тарбия иштери боюнча орун басары Винара Октонбекованын чыгармачылык отчету менен жакындан таанышып, тажрыйба алмашышты.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында башталгыч класстын мугалими Д.Камбарова «Сложение и вычитание в пределе 20», информатика мугалими Д.Калпакбаев «HTML», химия мугалими Г.Эшимбекова «Химия в нашей жизни», орус тили мугалими Э.Адегамова «Язык мой — друг мой», англис тили мугалими Ж.Жаманбаева «Ready to travel», башталгыч класстын мугалими Н.Шкитина «Традиции и обычаи кыргызского народа» аталышындагы ачык сабактарды өтүштү.

Ар бир сабак өзгөчөлүк, заманбап жаңы усулдук методдор, мугалимдин изденүү чыгармачылыгы менен өткөндүгү айтылып, жыйынтыгында В.Октонбекова шаардык мэриянын ардак грамотасы менен сыйланды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up