Ноокенде жылдын мыкты тарбиячысы аныкталды

Ноокенде жылдын мыкты тарбиячысы аныкталды

Билим АКИpress - Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүнө караштуу № 2 «Ак куу» бала бакчасында 23-апрелде «Жылдын мыкты тарбиячысы - 2019» кароо-сынагынын райондук туру болуп өттү. Бул тууралуу Ноокен райКБКнын тескөөчүсү Т.Бакиров билдирди.

Анын маалыматы боюнча, сынакка 1-турда жеңүүчү болгон 9 бала бакчанын тарбиячылары катышты. Сынакта сабак өтүү, чыгармачылык отчёт, мастер-класс, портфолио жана мыкты көргөзмө куралды жактоо тапшырмалары берилди.

Жыйынтыгында баш байгени №42 «Нур-Айым» бала бакчасынын тарбиячысы Нуралиева Асылкан багындырды. Ал эми 1-орунду №10 «Чынар» бала бакчасынын тарбиячысы Кочкорова Нурила, 2-орунду №12 «Акмарал» бала бакчасынын тарбиячысы Жакыпова Нерсу жана 3-орунду №13 «Наргиз» бала бакчасынын тарбиячысы Акбуюкова Карима камсыз кылышты.

Калган катышуучулар ар кандай номинациялардын ээси болушту:

- № 18 «Чабалекей» бала бакчасынын тарбиячысы Мырзакулова Гүлзада – «Мыкты сабак» номинациясы;

- №24 «Бөгөт» бала бакчасынын тарбиячысы Баева Гүлнура – «Мыкты көргөзмө курал» номинациясы;

- №5 «Белек» бала бакчасынын тарбиячысы Улмасова Якуткан – «Мыкты мастер-класс» номинациясы;

- №30 «Бөбөк» бала бакчасынын тарбиячысы Мойдунова Мохидил – «Мыкты портфолио» бала бакчасы;

- №7 «Ак Тилек» бала бакчасынын тарбиячысы Маматкулова Арзыкан – «Чыгармачыл айым» номинациясы.

Жеңүүчүлөр райондук билим берүү бөлүмүнүн жана профсоюзунун райондук комитетинин диплом жана ардак грамоталары, баалуу белектери менен сыйланышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up