Чоң лицейде бүтпөй жаткан чыр: Айрым ата-энелер УКМКга арыз жазышты

Чоң лицейде бүтпөй жаткан чыр: Айрым ата-энелер УКМКга арыз жазышты

Билим АКИpress - Новопавловкадагы №1 Ч.Айтматов атындагы инновациялык окуу-тарбиялык комплекс-лицейинде билим алган айрым окуучулардын ата-энелери Чүй облусу боюнча УКМК башкармалыгына кайрылышып, мектептеги чырды жөнгө салууну суранышты.

Ата-энелер ортосундагы пикир келишпестик бир нече айдан бери уланып келүүдө. Бир бөлүгү мектептик фондго акча чогултууга каршы чыгып, мектептин администрациясын коррупцияга айыптап жатат. Ал эми экинчи бөлүгү чогулган акчалар окуучулардын керектөөлөрүнө жумшалып жатканын айтып, директор менен ата-энелердин ортосундагы чырды токтотууну суранышууда.

24-апрелде АКИpress агенттигиндеги маалымат жыйында ата-энелер билдиришкендей, алар 22-мартта УКМКга арыз жазышкан. Бирок ушул кезге чейин жооп ала элек.

Жыйындын катышуучусу Софья Мамбетова каршы болуп жаткан ата-энелер жаман кырдаалдарды түзүп, мугалимдердин иштөөсүнө жолтоо болуп жатышканын айтты.

«Ата-энелердин айрымдары биздин мугалимдерди коркутуп, мыйзамсыз видеосъемкаларды жүргүзүшүүдө. Андан кийин өздөрү каалагандай монтаждап, социалдык тармактарга жүктөп жатышат. Алар чыр-чатактарга балдарын да аралыштырууда. Мектептин педагогикалык курамы күчтүү, мугалимдердин 80%ында эл аралык сертификаттар бар, бизде мыкты окуган окуучулар көп. Ушундай кырдаалдан улам мугалимдер көтөрө албай, дарыланууга кетип жатышат. Мунун баары окуу жылынын аягында болуп жатат, алдыда мамлекеттик сынактар, көчүрүү сынактары турат, жогорку класстын окуучулары ЖРТ тапшырышат», - деди Мамбетова.

Катышуучулар мектепте 1 миңден ашуун бала фондго акча төлөөдөн бошотулганын, алардын катарында жеңилдик алгандар, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары, социалдык жетим балдар бар экенин белгилеп өтүштү. Андан тышкары, мектептик фонддун каражатынан кароолчуга, тазалык кызматкерлерине, окуу-тарбиялык процесстерди каржылоого — ийримдерге, костюмдарга, курстарга, мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга бөлүнөт.

Ата-энелер кырдаалды териштирип, балдарга окууну тынч бүтүрүүгө мүмкүнчүлүк берүү суранычы менен коомчулукка кайрылуу жасашты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up