Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү белгиленет

Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү белгиленет

Билим АКИpress - Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү белгиленет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалым болгондой, Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы АКШнын Кыргызстандагы элчилиги жана АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) менен биргеликте Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө арналган «Окурман бала — өнүккөн Кыргызстан» аттуу жумалыгын өткөрүүдө.

Китеп жумалыгынын алкагында өлкөнүн китепканаларында жана мектептеринде ар кандай концерттер, сынактар, театр оюндары жана китеп окуу боюнча кызыктуу оюн-зооктор өткөрүлөт. Республика боюнча «Америка борборлору» жаштардын технология, инженерия, көркөм өнөр жана математика илимдерине болгон кызыгуусун жогорулатуу максатында «STEAM кербенин» өткөрүшөт.

Китеп жумалыгынын негизги максаты — Кыргызстанда, өзгөчө балдар жана жаштардын арасында окуу маданиятын көтөрүү жана китеп авторлорунун, басма үйлөрүнүн, мугалимдердин жана башкалардын өлкөбүздүн коомдук жана маданий өнүгүүсүнө кошкон чоң салымын белгилөө.

24-апрелде Бишкекте маалыматы жыйын өтүп, анда маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков, Билим берүү жана илим министрлигинин китеп басып чыгаруу секторунун башчысы Чынара Курбанова, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын статс-катчысы Талант Конокбаев жана USAID миссиясынын директору Гэри Линден өлкөнүн мектептериндеги окуу, китеп чыгаруу жана интеллектуалдык менчик боюнча маселелерди талкуулашты.

30-апрелде саат 10:00дө Бишкек шаарындагы Курманжан датка атындагы мемориалдык-тарыхый комплексинин алдында жыл сайын өтүүчү Дүйнөлүк китеп күнү белгиленет. Майрамдын катышуучулары театр оюндарына, ар кандай сынактарга, мелдештерге, оригами жана сүрөт тартуу мастер-класстарына катыша алышат. Китеп сатып алууга жана ошондой эле робототехника жөнүндө кызыктуу маалыматтарга ээ болушат.

Майрамдын расмий коноктору болуп Маданият министрлигинин, Билим берүү министрлигинин, Интеллектуалдык менчик жана инновация мамлекеттик кызматынын жетекчилиги, Жогорку Кеңештин депутаттары, ошондой эле Кыргызстандагы USAID миссиясынын жана Улуттук жазуучулар союзунун өкүлдөрү келери күтүлүүдө.

Эл аралык китеп күнү катары белгилүү болгон Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү ЮНЕСКОнун Генералдык Конференциясында 1995-жылы бекитилген жана жыл сайын 23-апрелде китепке, авторлорго, иллюстраторлорго жана окурмандарга урматтоо көрсөтүү максатында белгиленип келет.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up