Оштогу башталгыч класстын мугалимдери жаштардын окурмандык компетенттүүлүгүн жогорулатууну талкуулашты (сүрөт)

Оштогу башталгыч класстын мугалимдери жаштардын окурмандык компетенттүүлүгүн жогорулатууну талкуулашты (сүрөт)

Билим АКИpress - Кара-Кулжа районунун Б.Эркинбаев атындагы орто мектебинде башталгыч класстардын мугалимдеринин Ош облустук семинары болуп өттү. Бул тууралуу Ош билим берүү институтунун инновациялык процесстерди уюштуруу кабинетинин башчысы Кенжебек Абдылдаев билдирди.

Анын айтымында, семинарга Ош облусунун аймактарынан келген башталгыч класстардын мугалимдери жана Ош билим берүү институтунун директору менен кызматкерлери катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө жаш муундун окурмандык компетенттүүлүгүн жогорулатуу иш-аракеттери талкууланды жана ошол багытта ачык сааттар өткөрүлдү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up