Жумгалдык окуучулар Өзбекстанда өткөн менталдык арифметика боюнча сынактан ийгилик менен кайтышты (сүрөт)

Жумгалдык окуучулар Өзбекстанда өткөн менталдык арифметика боюнча сынактан ийгилик менен кайтышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Жумгал районунун Жаңы-Арык айылындагы А.Идинов атындагы орто мектебинин окуучулары Өзбекстанда өткөн менталдык арифметика боюнча сынакта 3-4-орундарды алып келишти. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти Гүлшат Көккөзова билдирди.

Анын маалыматына караганда, аталган мектептин 7-классынын окуучусу Нурмухаммед Таалайбеков, 4-класстын окуучусу Байэл Күрүчбеков 3-орунду алышты. Ал эми 6-класстын окуучусу Аяна Акматова, 2-класстын окуучусу Малика Уланбекова, 5-класстын окуучусу Фархад уулу Исламбек 4-орунду камсыз кылышты. Аларга күбөлүк, диплом жана баалуу сыйлыктар берилди.

«Мектепте 4 жылдык тажрыйбасы бар жаш мугалим Темирбек Моконов — окуучулардын мугалими. А окуучулар менен бирге сынакка катышып, тажрыйба топтоп келди. Бул окуучуларыбыз районубуздун эле эмес, республикабыздын атын дагы чыгарып келишти», - деди Көккөзова.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up