Жумгалда Жаш мугалимдер мектеби түзүлдү (сүрөт)

Жумгалда Жаш мугалимдер мектеби түзүлдү (сүрөт)

Билим АКИpress - Жумгал районунда Жаш мугалимдер мектеби түзүлдү. Бул тууралуу Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү усулчусу Гүлшат Көккөзова билдирди.

Анын айтымында, «Келечекке карай билимдүү жол» деген темада райондогу жаш мугалимдерге усулдук жардам көрсөтүү максатында тажрыйба бөлүшүү, үйрөтүү, кеңеш берүү ж.б усулдук билим берүүлөр менен предметтик сабактар өткөрүлдү. Анда райондун алдыңкы мугалимдери, улуу муундун мугалимдери, тажрыйбасы мол мугалимдер өз эмгектери, ийгиликтери жана тажрыйбаларын айтып беришти.

Мугалимдер мектебин Г.Көккөзова жетектейт.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up