Москва районунда жаштарды мекенди коргоого даярдоо маселеси талкууланды (сүрөт)

Москва районунда жаштарды мекенди коргоого даярдоо маселеси талкууланды (сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Москва районундагы И.Черняховский атындагы орто мектебинде жаштарды аскерге даярдоо, патриоттуулукка тарбиялоо максатында райондук семинар өтүлдү. Бул тууралуу аталган мектептин директору Айгүл Журабекова аймактык кабарчыга билдирди.

«Биздин мектепте окуу процесси кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт. Ошондуктан бардык педагогикалык, методикалык иш-чаралар 2 тилде өткөрүлөт. Бул күнкү балдарды аскерге даярдоо, патриоттуулукка тарбиялоо жана мекенди сүйүүгө багытталган семинар да кош тилдүүлүктүн алкагында өтүлдү.

Алдыңкы мугалимдер: Н.Смельгина, Эгембердиев, Сокенова, Дуйсембаев, М.Чупахина тарабынан окутуунун жаңы технологияларын колдонуу менен көргөзмөлүү ачык сабактар өтүлдү. Ошондой эле мугалимдер менен окуучулардын педагогикалык кызматташтыгынан жаралган класстан жана мектептен тышкаркы иш-чаралар уюштурулду.

Семинар төмөндөгүдөй максаттарды камтыды.

- Аскердик кызматтын негиздери;
- инсандык өнүгүүнүн социалдык активдүүлүгүн арттыруу;
- улуттук баалуулуктарды таануу жана аны көздүн карегиндей сактай билүү;
- мекен түшүнүгүн тереңдетүү;
- келечектеги Кыргызстан жөнүндө кыялдануу моделин түзүү;
- билим менен тарбиянын туу чокусу өз мекенин сүйүү экендигин жан дүйнөсүнө уялатуу ж.б.у.с.

Семинар эң жакшы баага татыды. Албетте, бул соңку бүтүм эмес. Патриоттуулукка тарбиялоо иштери күн санап түрдүү формада активдештирилет», - деди А.Журабекова.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up