Тар-Суудагы мектепте Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү белгиленди (сүрөт)

Тар-Суудагы мектепте Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү белгиленди (сүрөт)

Билим АКИpress - Кемин районундагы А.Чуңкелеев атындагы Тар-Суу орто мектебинин башталгыч класстарында Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата «Китеп — акылга акыл кошот» деген темада иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чараны мектептин башталгыч класстарынын усулдук бирикме жетекчиси Б.Өмүрбекова алып барып, балдарга китеп жөнүндө кеңири маалымат берилди. Окуучулар саламдашып, китеп жөнүндө түшүнүктөрүн, макал-лакаптарды, ырларды, ойчул акылмандардын айткан сөздөрүн айтып беришти. 2-класстын окуучусу Сайнидинов Эрмек, 3-класстын окуучусу Абасбеков Нурел «Манас» эпосунан үзүндү аткарышты. 3-класстын окуучулары Жумабеков Арсен менен Карагулов Алишер көркөм окушту. 3-класстын окуучулары Сарсекеев Даниел менен Курманбаева Айжамал обондуу ыр аткарып, классташтары «Бактылуу жана байкуш китеп» аттуу интермедия көрсөтүп, өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Башталгыч класстардын мугалимдери А.Сапаева, Ж.Молдокматова, Б.Өмүрбекова жасаган көрсөтмө куралдар келген коноктордун мыкты баасына татыды. Айрыкча, ташка сүрөтү чегилип, байыркы элдердин жашоо-турмушунун элеси түшүрүлүп, саймаланып, өзгөчөлөнүп жасалган кийиз китептер, акылмандардын улуу сөздөрү жазылган чоң китеп жана окуучулардын кол эмгегинен жаралган ар түрдүү китептер көргөзмө бурчунда өзгөчөлөнүп, кооздук берип турду.

Китепкананын макетин жасашып, ичин китептерге толтуруп жасаган эмгектер эң мыкты деп бааланды.

Иш-чарага Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн окуу-методикалык кабинетинин методисти А.Чочкеева, Чоң-Кемин зонасындагы мектептердин башталгыч класстарынын усулдук бирикме жетекчилери, аталган мектептин директору Т.Кебекова жана башталгыч класстардын мугалимдери катышты.

Иш-чаранын негизги максаты — балдардын китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруу, китепти сүйүүгө, китептен таасир алууга үйрөтүп, билимдүү болууга чакыруу болуп эсептелет.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up