№1 Новопавловка лицейи прокуратура тарабынан текшерилип жатат

№1 Новопавловка лицейи прокуратура тарабынан текшерилип жатат

Билим АКИpress - Сокулук районундагы Ч.Айтматов атындагы Новопавловка №1 инновациялык окуу-тарбия лицей комплексинде текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Ведомство белгилегендей, 24-апрелде министрликтин статс-катчысы Жапаркул Ташиев жана министрдин орун басары Надира Жусупбекова Ч.Айтматов атындагы №1 Новопавловка мектеп-лицейинде окуган окуучулардын ата-энелер тобу менен жолугушту.

Ата-энелерге мектепте прокуратура тарабынан текшерүү иштери жүрүп жаткандыгы тууралуу түшүндүрмө берилди. Мектептин директору ээлеген кызматынан убактылуу четтетилди.

Териштирүүнүн жыйынтыгында ата-энелердин пикирин эске алуу менен директор боюнча чечим чыгарылат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up