Ысык-Атада «Жол кыймылынын жаш тескөөчүсү» райондук сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды (сүрөт)

Ысык-Атада «Жол кыймылынын жаш тескөөчүсү» райондук сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды (сүрөт)

Билим АКИpress - Ысык-Ата райоунда 24-апрелде «Жол кыймылынын жаш инспектору» сынагы өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Сынакка жалпы район боюнча 17 мектептин камандалары катышып, 8 тапшырма аткарышты. Жыйынтыгында 1-орунду Рот-Фронт айылынын Д.Мамашева атындагы орто мектеби, 2-орунду Новопокровка №2 мектеп-лицейинин окуучулары, 3-орунду Кант шаарындагы №1 Д.Зубков атындагы мектеп-гимназиясынын окуучулары жана Я.Ваккер атындагы орто мектебинин окуучулары алышты. Жеңүүчүлөр кубок, медаль жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Ошондой эле «Жол эрежелерин мыкты билгич» номинациясын №1 Ч.Айтматов атындагы Ивановка мектеп-гимназиясы, «Мыкты капитан» номинациясын Дмитриевка орто мектебинин командасынын капитаны, «Мыкты тескөөчү» номинациясын Новопокровка №3 орто мектебинин окуучулары, «Мыкты дубал гезит» номинациясын Кеңеш орто мектебинин окуучулары алышты.

Мыкты командаларга баалуу белектер жана торттор тапшырылды.

Сынак райондук билим берүү бөлүмү жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан уюштурулган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up