Сокулуктагы «Новопавловка» бала бакчасында эне тил даңазаланды (сүрөт, видео)

Сокулуктагы «Новопавловка» бала бакчасында эне тил даңазаланды (сүрөт, видео)

Билим АКИpress - «Новопавловка» бала бакчасында Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата «Эне тилдин маңызы бала тилден башталат» аттуу кече өттү. Бул тууралуу аталган бала бакчанын башчысы, билим берүүнүн отличниги Алмагүл Кожакеева аймактык кабарчыга айтып берди.

Анын айтымында, иш-чара райБББнүн жетектөөчү адиси Сейнебүбү Абыканованын демилгеси менен уюштурулуп, анда «Солнышко», «Военно-Антоновка», «Жал», «Новопавловка», Сокулуктагы №3 жана №4 бала бакчалардын ишмердүүлүгү чагылдырылды.

«Мындай биргелешкен педагогикалык кызматташтыкта өткөрүлгөн кеченин максаты — балдардын сөз өнөрүн, кеп маданияттуулугун арттыруу. Эне тилибиздеги унутта калып бара жаткан сөздөрдү жаңы түшүнүктөр менен айкалышын (синтезделүүсүн) аң сезимдүү кабылдоо. Бала бакча – тил үйрөнүүнүн эң зарыл мекемеси экендигин далилдөө. Ошондой эле сүйлөө речин өнүктүрүү, логикалык ой жүгүртүүсүн арттыруу.

Ал эми милдети — бала бакчаларда мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө окутуунун жаңы технологиялары менен басым жасоо, көп тилдүүлүктү үйрөнүүдө бала бакчанын ролу өзгөчө экендигин аныктоо.

Өткөрүлгөн кечеге райБББнүн адистери, бала бакчалардын башчылары, тарбиячылар, музыка мугалимдери жана бөбөктөр катышып, уюштурган 6 бала бакчадан 2ден иш-чара тартууланды. Алгач катышуучулар бала бакчанын материалдык-техникалык базасы менен таанышышты. Өзгөчө, улуттук буюмдарга, эстетикалык жасалгасына көңүл бурушту. Андан соң «Солнышко» бала бакчасынын тарбиячысы Рахманберди кызы Айгүл кеченин тематикасынын алкагында баяндама жасады. Анда «Эне тилдин маңызы бала тилден башталат» деген маселелер боюнча сөз жүрүп, кыргыз тилдин коомдогу ролу, көп тилдүүлүк көйгөйлөрү көтөрүлдү.

Кеченин 2-бөлүгү адабий музыкалык багытта өттү. Ага КРнын Эл артисти, композитор, обончу, ырчы Каныкей Эралиева жана Атайбек Бөдөшов катышты. Балдардын, тарбиячылардын, бала бакчалардын башчыларынын аткаруусунда ырлар жаңырды.

«Жал бала» бакчасы хан таламай улуттук чүкө оюнун тартуулап, элдик педагогиканын көрүнүштөрүн чагылдырды. Ал эми «Новопавловка» бала бакчасынын тарбиячысы Зульфия Карыпбаева К.Эралиеванын «Бала жыты» чыгармасын аткарып, көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Жан дүйнөнү тазарткан балдар үнү бала бакчада жаңырып, бул күн майрамдык шаңга бөлөндү. К.Эралиева менен А.Бөдөшов балдарга арналган жагымдуу обон, күүлөрүн жаңыртышты. Кеченин соңунда катышуучулар райБББнын ыраазычылык катын алышты», - деп айтып берди А.Кожакеева.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up