Кеминдеги мектепте Аалы Токомбаевдин 115 жылдыгы белгиленди (сүрөт, видео)

Кеминдеги мектепте Аалы Токомбаевдин 115 жылдыгы белгиленди (сүрөт, видео)

Билим АКИpress - Кемин районунун А.Токомбаев атындагы Кайыңды орто мектебинде Кыргыз Эл акыны, Социалисттик эмгектин баатыры, академик, акын прозаик, драматург, котормочу жана коомдук ишмер Аалы Токомбаевдин (Балка) 115 жылдыгына карата «Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин» аттуу райондук деңгээлдеги иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган мектепте А.Токомбаевдин 115 жылдыгына арналган адабий кече, класстык тарбиялык сааттар өткөрүлдү. Ошондой эле анын чыгармаларын чагылдырган, өмүр таржымалы туурасындагы ар кандай көргөзмөлөр, бурчтар, дубал гезиттер, китептеринин көргөзмөлөрү жана Аалы Токомбаев атындагы музей уюштурулган.

Иш-чарага Кемин районундагы мектептердин директорлорунун тарбия иштери боюнча орун басарлары, кыргыз тили жана адабияты мугалимдери катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар «Күүнүн сыры», «Мезгил учат», «Жараланган жүрөк», «Жетим менен сыйкырчы» жана «Кандуу жылдар» чыгармаларынан үзүндүлөрдү аткаруучулук чеберчилик менен сахналаштырып көрсөтүштү. Келечек муунду патриоттуулукка тарбиялай турган баа жеткис чыгармалар тууралуу айтылып, өмүр таржымалы тууралуу доклад окулуп, чыгармалары тууралуу слайд көрсөтүлдү.

Иш-чара чакан концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up