Нарындагы М.Бекмуратов мектебинде Китеп күнү белгиленди

Нарындагы М.Бекмуратов мектебинде Китеп күнү белгиленди

Билим АКИpress - Нарын районундагы Ак-Кыя айылындагы М.Бекмуратов атындагы орто мектебинде Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү белгиленип, «Китеп — менин досум» аталышындагы тематикалык линейка өттү. Бул тууралуу аталган мектептин мугалими Анара Абдыжапарова аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, мектепте атайын бурч уюштурулуп, анда акын-жазуучулардын чыгармалары жана түрдүү улуттардын тилинде басмадан чыккан китептер коюлган.

Иш-чаранын жүрүшүндө китепканачы Нургүл Алымкулова катышуучуларды көргөзмө менен тааныштырып, кызыктуу маалыматтар берилди. Башталгыч класстардын окуучулары чыгармаларды көркөм окушуп, обондуу ырларды аткарышты. Мугалимдер окуучуларга китеп жөнүндө түшүнүктөрдү, макал-лакаптарды, ойчул-акылмандардын сөздөрүн айтып беришти. Ошондой эле окуучуларга сөз берилип, алардын китеп жөнүндө ой-пикирлерин угушту.

Иш-чаранын максаты — окуучулардын китепке болгон кызыгуусун арттыруу жана китепти сүйүүгө тарбиялоо.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up