№2 Лебединовка мектеп-гимназиясында диний экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу талкууланды (сүрөт)

№2 Лебединовка мектеп-гимназиясында диний экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу талкууланды (сүрөт)

Билим АКИpress - Аламүдүн районунун Ж.Касымбаева атындагы №2 Лебединовка мектеп-гимназиясында 25-апрелде диний экстремизмдин жана терроризмдин, расалык басмырлоонун, жашы жете элек балдарга карата ырайымсыз мамиленин алдын алуу, өз өмүрүнө кол салуусун, зордук-зомбулукту болтурбоо, ошондой эле улуттар аралык ынтымакты бекемдөө максатында 8-11-класстарда жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган мектептен билдиришти.

Жыйын интерактивдүү формада болуп, катышуучуларга кулач алып бара жаткан диний экстремизмдин жана терроризмдин пайда болушу, анын карапайым элге, өзгөчө жаштарга тийгизген терс таасирлери, анын кесепетинен келип чыккан келишпестиктер тууралуу маалымат берилип, видеотасма көрсөтүлдү. Дүйнөдөгү жана өлкөбүздөгү диний абал жөнүндө маалыматтар берилип, окуучулар күмөн болуп жүргөн бир катар суроолоруна жоопторду алышты.

Иш-чарага Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын адиси А.Адашпасов, ички иштер бөлүмүнүн 10-башкармалыгынын кызматкери, Улуттук коопсуздук комитетинин тиешелүү кызматкери, райондук жана жергиликтүү мечиттин имамынын орун басары П.Аметов, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Т.Миңбаев, Аламүдүн районунун билим берүү бөлүмүнүн методисти Н.Жунусова, мектеп директору А.Өмүрова, мугалимдер, социалдык педагог А.Ормотоева, айыл аксакалдар катышты.

Бул иш-чара Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын кабыл алган буюртмасына ылайык, райондун бардык билим берүү уюмдарында ушул жылдын март айынан тартып май айынын аягына чейин өткөрүлмөкчү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up