Кара-Суудагы №46 мектептин окуучулары китеп жасап, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга белек кылышты (сүрөт)

Кара-Суудагы №46 мектептин окуучулары китеп жасап, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга белек кылышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Кара-Суу районундагы жалпы билим берүүчү мекемелерде Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Шухрат Юсупов билдирди.

Анын маалыматы боюнча, Сарай айыл аймагындагы №46 С.Маматов атындагы окуу-тарбия мектеп-гимназия комплексинин китепканачысы Бүайша Абдиева «Китеп — эч качан сатпаган дос, эч ким тартып алгыс байлык» деген темада иш-чара өткөрдү. Анда 1-4-класстын окуучулары адабий жомок китептерди жасап, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын үйлөрүнө барып, белек кылышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up