Кара-Суудагы Х.Тажиматов мектебинде «Окуу фестивалы» өттү (сүрөт)

Кара-Суудагы Х.Тажиматов мектебинде «Окуу фестивалы» өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Кара-Суу районунун Х.Тажиматов атындагы орто мектебинде 23-апрелде Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата «Окуу фестивалы» болуп өттү. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Шухрат Юсупов билдирди.

Маалым болгондой, иш-чарага Р.Халбаев, Чолпон, А.Эшматов, Х.Тажиматов атындагы орто мектептерден командалар катышты.

«Окуу фестивалынын» алкагында окуучулар төмөнкүдөй тапшырмаларды аткарышты:

- Өзүн тааныштыруу;
- Топтук изилдөө долбоору;
- «Ош шаары эмне үчүн Ош деп аталып калган?» деген темада презентация;
- Монолог айтуу;
- Мастер-класс «Китепче жасоо»;
- Аудио жаздыруу.

Окуу фестивалы «Кыргыз Республикасында билим берүү үчүн азык жана балдардын тамактануусу» долбоорунун алкагында өтүлдү. Семинарга долбоордун менеджери Г.Чолпонбаева, Ош-Баткен облусун тейлеген координатор Г.Резаева, мобилизатор Б.Мамашарипова, Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу А.Хакимова жана мектеп директорлору катышты.

Фестивалдын соңунда активдүү катышкан командаларга грамоталар, «Балдар энциклопедиялары» тапшырылды.

Фестивалдын максаты — окуучулардын окуу жөндөмдүүлүгүн жана сабаттуулугун жогорулатуу.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up