Араванда китеп окуу иш-чарасы жана китеп жармаңкеси өткөрүлдү

Билим АКИpress - Араван районундагы А.Эшенкулов атындагы орто мектебинде 24-апрелде «Ыйык Ата Журт - Ош» жаштар коомдук фонду тарабынан китеп окуу иш-чарасы жана китеп жармаңкеси өткөрүлдү. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн кыргыз тили боюнча усулчусу Зейнегүл Маманова маалымдады.

Анын айтымында, иш-чарага ата-энелер, окуучулар жана мектеп администрациясы менен мугалимдери, ошондой эле Араван райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу катышты.

Иш-чаранын жыйынтыгында ата-энелер китептин пайдасы чоң экендигин, уюлдук телефондун ордуна китеп сатып берүү пайдалуу экенин айтып, ар бир ата-эне Китеп жармаңкесинен балдарына кызыктуу адабий китептерден сатып беришти.

Иш-чаранын негизги максаты — окуучулардын китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруу болуп саналат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up