Өзгөндө окуучулар укук бузуулар боюнча сынакта ат салышты (сүрөт)

Өзгөндө окуучулар укук бузуулар боюнча сынакта ат салышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Өзгөндө жашы жете элек балдар арасында укук бузуулардын алдын алуу максатында сынак өткөрүлүп, Т.Асыранов атындагы орто мектебинин окуучулары жеңишке жетишти. Бул тууралуу Ош облустук прокуратурасынын мыйзамдын сакталышын көзөмөлдөө жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, 25-апрель күнү Өзгөн районунда окуучулардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, жаш өспүрүмдөрдүн арасында укук бузууларды алдын алуу максатында викториналык сынак болуп өттү. Сынакка жалпы 4 мектептин окуучулары катышып, ар кайсы багыттагы укуктар боюнча суроолорго жооп беришти.

Мындан сырткары, ар бир команда «Жаш өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын негизги көйгөйү» деген теманы сахналаштырып көрсөтүп, коомдогу укук бузуулар балдардын көзү менен чагылдырылды.

Сынактын жыйынтыгында Т.Асыранов атындагы орто мектебинин «Фемида» командасы жеңишке жетишип, дипломдор менен сыйланышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up