Ноокат райондук билим берүү бөлүмү санариптештирүү багытында иш жүргүзүүдө

Ноокат райондук билим берүү бөлүмү санариптештирүү багытында иш жүргүзүүдө

Билим АКИpress - Ноокат райондук билим берүү бөлүмү тарабынан 25-апрелде «Маалыматтык жаңы технологиялар — билим берүүнү санариптештирүүнүн негизги булагы» аталышында облустук практикалык семинар болуп өттү. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Зайнабидин Мамасадыков маалымдады.

«Семинардын катышуучулары Н.Крупская атындагы орто мектебинин «Умная школа. Безопасная школа зашишенная от терроризма» долбоорунун ишке ашырылышы, С.Зулпуев атындагы Айбек орто мектебинин «Билим сапатын жогорулатуудагы онлайн сабактардын эффективдүүлүгү», М.Гапаров атындагы жөндөмдүү балдардын жатак гимназиясынын «Электрондук журнал», Көк-Жар гимназия класстары бар инновациялык мектебинин «Электрондук лабораторияларды пайдалануунун эффективдүүлүгү», Борбаш орто мектебинде «Электрондук китепкана» долбоору, Т.Бекиев атындагы орто мектебинин «Мугалимдердин сабак өтүүсүн көзөмөлдөөнүн электрондук методикасы» боюнча өз ара пикир алмашты», - деди ал.

Ош билим берүү институтунун директору Гүлмира Турдубаева санариптештирүү боюнча семинар өткөрүү Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн башталып жаткандыгын билдирди. Ал эми Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Н.Козуев бул иш-чараны өткөрүүдөгү негизги максат — район аймагында санариптештирүү багытында жүрүп жаткан иштерди пропагандалоо экендигин белгиледи.

Семинарга өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов, облустагы башка райондордун акимдеринин орун басарлары, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылары, усулчулар жана мектеп директорлору катышты. Семинар 6 мектепте өткөрүлдү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up