Нарында шахмат боюнча ачык биринчиликти жеңген окуучулар сыйланды (сүрөт)

Нарында шахмат боюнча ачык биринчиликти жеңген окуучулар сыйланды (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын шаарындагы мектеп окуучуларынын арасында «Мен чемпионмун» аталышында шахмат оюну боюнча ачык биринчилик өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Мелдешке шаардагы бардык орто мектептердин окуучулары катышты. Мелдештин жүрүшүндө алар өздөрүнүн спорттогу чеберчиликтерин көрсөтүштү. Жыйынтыгында командалык эсепте 1-орунду №2 мектеп-гимназиянын, 2-орунду №4 Э.Ибраев мектебинин, 3-орунду Нарын облустук билим берүү борборунун окуучулары ээлешти.

Ал эми жеке биринчиликте 1-орунду Абдышүкүрова Агия, Дүйшөналиев Дастан, Акматов Жоомарт, Макеленов Байел алышты. 2-орунду Болотова Надира, Шаршеналиев Өмүрбек, Кубанычбек уулу Ринат, Нурланбеков Ынтымак камсыздашты. 3-орунга Сүйүндүкова Тунук, Абдышүкүров Аззам, Токталиев Намыс, Нурланбеков Нурбол ээ болушту.

Жеңүүчүлөргө Нарын шаардык спорт бөлүмүнүн тиешелүү даражадагы дипломдору, медаль жана баалуу белектер тапшырылды.

Иш-чара Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата уюштурулган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up