Нарындагы окуучулар милиция кызматкерлеринин иши менен таанышты (сүрөт)

Нарындагы окуучулар милиция кызматкерлеринин иши менен таанышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын РИИБи райондогу 10 мектептин окуучуларына 25-апрелде Ачык эшиктер күнүн өткөрүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чаранын жүрүшүндө окуучуларга ички иштер органдарынын иш тажрыйбасы тууралуу тааныштырылып, видеороликтер көрсөтүлдү. Ошондой эле окуучулар даярдап келген кыз ала качуу боюнча тасма жана концерттик программа көрсөтүлдү. Андан соң кызматкерлер өздөрүнүн аткарган иштери тууралуу айтып өтүштү. Окуучулар ар кандай суроолорун берип, жооп алышты.

Андан сырткары, келген конокторго Нарын РИИБи тарабынан ыраазычылык каттар тапшылырылды.

Иш-чаранын максаты — окуучулар менен милиция кызматкерлеринин тыгыз иш алып баруусун күчөтүү, кылмыштуулуктун, рэкетчиликтин алдын алуу.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up