Чоң лицейдеги чыр: Директордун ордун ким көздөп жатат?

Чоң лицейдеги чыр: Директордун ордун ким көздөп жатат?

Билим АКИpress - Кимдир бирөө директордун ордун көздөп жүрөт. Мындай пикирди Ч.Айтматов атындагы №1 Новопавловка инновациялык окуу-тарбиялык комлекс-лицейинин бүтүрүүчүлөрү 26-апрелде АКИpress агенттигиндеги маалымат жыйында билдиришти.

Ата-энелер ортосундагы пикир келишпестик бир нече айдан бери уланып келүүдө. Бир бөлүгү мектептик фондго акча чогултууга каршы чыгып, мектептин администрациясын коррупцияга айыптап жатат. Ал эми экинчи бөлүгү чогулган акчалар окуучулардын керектөөлөрүнө жумшалып жатканын айтып, директор менен ата-энелердин ортосундагы чырды токтотууну суранышууда.

Жыйындын катышуучуларынын бири — мектептин 2005-жылдагы бүтүрүүчүсү Александра Годунова митингге чыккан айрым ата-энелерге жеңилдиктер берилгенин белгиледи. «Ушул жылы 1-сентябрдан баштап митингге чыгып жаткан ата-энелердин балдары үчүн мектептик фонд 50 сом болот. Алар ошону талап кылып жатышкан», - деди ал.

«Абдуллаева келгенге чейин мектеп кандай эле, азыр кандай? Айырмасы чоң. Акыркы окуяларга байланыштуу мугалимдер менен ата-энелердин чыдамы түгөнүп баратат. Балдарга окууну бүтүрүп кеткенге мүмкүнчүлүк бербей жатышат. Кимдир-бирөө директордун ордун көздөп жүрөт. Эмне үчүн алар директор мектеп үчүн баарын жасаганча күтүп жүрүштү? Азыр даяр орунга башка бир адам келгиси келип жатат. Бул иш уланат, ийримдер калат деп ким кепилдик бере алат?», - деди ал мектептик төлөмдөр ыктыярдуу экенин жана каалаган адамдар келишимге кол коюшарын кошумчалап.

Мектепти бүтүрүп жаткан Ксения Досмагамбетованын айтымында, Диляра Абдуллаева 2001-жылы мектепке директор болгон. «Ошондон бери мектепте көп нерсе өзгөрдү — сапаттуу оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү, татыктуу билим берилүүдө. Бул кырдаалда татыктуу адамды жаманатты кылып жаткандары кейитет, анткени ал мектеп үчүн көп нерсе жасады. Бул мектепте биздин балдар, туугандар окушат, биз мектеп жана директорубуз менен сыймыктанабыз. Мени азыркы кырдаал өкүндүрөт», - деди ал.

Мектептин бүтүрүүчүсү жана учурда ушул эле мектепте хореография мугалими болуп иштеп жаткан Айгерим Бактыбекова текшерүүлөр сабактарга тоскоол болуп жатканын айтты. «Сабак учурунда текшерүү келет, балдардан тигил же бул ийримге акча төлөгөнүн же төлөбөгөнүн сурашат. Сабак үзгүлтүккө учуроодо. Мектептин жанына митинг уюштурушканда балдар алаксып, сабакка көңүл бура албай калып жатышат», - деди ал.

Жыйындын катышуучулары өз мектебин коргоо үчүн аягына чейин барышарын белгилешти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up