Канттык окуучулар Ленинград блокадасына арналган музейге саякат жасашты

Канттык окуучулар Ленинград блокадасына арналган музейге саякат жасашты

Билим АКИpress - Канттагы №2 мектептин окуучулары Бишкек финансы-экономикалык техникумундагы Анна Кутанова атындагы Ленинград блокадасынын музейине барышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, окуучулар менен бирге экскурсияга Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Ленинград блокадасынын катышуучулары да барышты. Анда окуучуларга Ленинград блокадасындагы оор мезгилди, А.Кутанованын басып өткөн татаал жолун айтып беришти. Иш-чаранын аягында эскерүү мүнөтү болду.

Ленинград блокадасына катышкан 16 миң адамды Кыргызстанга көчүрүшкөн. Анын ичинен 3,5 миңи өспүрүм балдар болгон.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up