Кара-Сууда «Жол кыймылынын жаш тескөөчүсү» райондук сынагы өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды (сүрөт)

Кара-Сууда «Жол кыймылынын жаш тескөөчүсү» райондук сынагы өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды (сүрөт)

Билим АКИpress - Кара-Суу районундагы мектеп окуучуларынын арасында 25-апрелде «Жол кыймылынын жаш тескөөчүсү» сынагы өттү. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Шухрат Юсупов билдирди.

Анын маалыматы боюнча, сынак Кара-Суу шаарындагы К.Рахимов атындагы орто мектебинин базасында өткөрүлдү. Ага аймактагы мектептерден 12 команда катышкан.

Жыйынтыгында «Кызыл-Кыргызстан» орто мектебинин «Үч жарык» командасы 1-орунга чыгып, облустук турга катышууга жолдомо алды. Ал эми 2-орунду «№44 орто мектебинин «Ак жол» командасы, 3-орунду №71 А.Рахманалиев атындагы орто мектебинин «Жол белгилери» командасы ээлешти.

Жеңүүчүлөр А.Султанов атындагы Кара-Суу ПИИБдин I, II, III даражадагы дипломдору жана баалуу белектери менен сыйланышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up