Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институту кыргызстандыктарды ЖРТнын жыйынтыгы менен кабыл алат

Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институту кыргызстандыктарды ЖРТнын жыйынтыгы менен кабыл алат

Билим АКИpress - КР Тышкы иштер министрлиги 2019-2020-окуу жылына Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтуна абитуриенттердин – Кыргыз Республикасынын жарандарынын документтерин кабыл алууну жарыялайт.

ТИМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, бакалавр программасына документтерди кабыл алуу 2-майдан 20-майга чейин жүргүзүлөт. Сынакка катышуунун негизи болуп Кыргызстандагы жалпы республикалык тестирлөөнүн 2019-жылдагы жыйынтагы эсептелет.

Сынактык тандоого КРнын жарандары гана катыша алышат. Абитуриенттер тандаган багыттарынын бири боюнча гана документ тапшырууга болот.

Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтуна сунушталган талапкерлер Москвага баргандан кийин ЖОЖдун эрежелерине ылайык орус жана чет тилдеринен тест тапшырышат.

Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтуна абитуриенттерди тандоо эрежелери менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин www.mfa.gov.kg сайтынан жана КР ТИМдин Дипломатиялык академиясынын сайтынан www.dipacademy.kg таанышууга болот.

Факультет

Багыт

Жалпы республикалык тестирлөө

Орундардын саны

1.

Эл аралык мамилелер;

Башкаруу жана саясат;

Энергетикалык саясат жана дипломатия эл аралык институту

Эл аралык мамилелер

Негизги тест (расмий тилде), ЖРнын предметтик тесттери: тарых жана чет тили

1

2.

Эл аралык мамилелер

Чет элдик тил таануу

Негизги тест (расмий тилде), ЖРнын предметтик тесттери: тарых жана чет тили

1

3.

Эл аралык экономикалык мамилелер;

Энергетикалык саясат жана дипломатия эл аралык институту

Экономика

Негизги тест (расмий тилде), ЖРнын предметтик тесттери: чет тили жана математика

1

4.

Эл аралык-укуктук факультет;

Энергетикалык саясат жана дипломатия эл аралык институту

Юриспруденция

Негизги тест (расмий тилде), ЖРнын предметтик тесттери: тарых жана чет тили

1

5.

Эл аралык журналистика

Журналистика

Негизги тест (расмий тилде), ЖРнын предметтик тесттери: тарых жана чет тили

1

6.

Эл аралык журналистика

Реклама жана коомчулук менен байланыш

Негизги тест (расмий тилде), ЖРнын предметтик тесттери: тарых жана чет тили

1

Жалпы:

6

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up