Москва районундагы атайын көмөкчү жатак-мектепте окуучулар көркөм өнөргө, кол өнөрчүлүккө үйрөтүлөт (сүрөт, видео)

Москва районундагы атайын  көмөкчү жатак-мектепте окуучулар көркөм өнөргө, кол өнөрчүлүккө үйрөтүлөт (сүрөт, видео)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) жатак мектебинде окуучулар көркөм өнөргө үйрөтүлөт. Бул тууралуу жатак мектептин комузчулар ийриминин жетекчиси Санжыбек Молдошерипов аймактык кабарчыга айтып берди.

Анын айтымында, көмөкчү жатак мектепте 1-9-класстарда 159 окуучу билим-тарбия алышат. Алар психологиялык, медициналык, педагогикалык корутундулардын негизинде республиканын бардык аймактарынан кабыл алынган.

«Көмөкчү жатак мектепте иштөө бай педагогикалык-методикалык тажрыйбаны, өзгөчө балдардын психологиясын терең билүүнү талап кылат. Себеби, бул жайдагы балдар башкалардан өзгөчөлөнүп мүнөзү татаал, унутчаак келишет. Ошондуктан туура мамиле жасоо зарыл. Алар күн-түндөп мугалим-тарбиячылардын кароосунда турушат. Үстүбүздөгү окуу жылында жөндөмдүү, шыктуу окуучулардан тандап, акысыз комуз ийримин түздүм. Учурда жөнөкөй күүлөрдү чертишип, комузда кол ойнотуп калышты. Мектеп директору Венера Наспекова мактаса жетине алышпай, мойнунан кучактап кубанышат. Ошондой эле кыздар тажрыйбалуу мугалимдер Наталья Майстренко жана Анипа Эсенбаеванын жетектөөсүндө тигүүчүлүккө, бычмачылыкка, саймачылыкка үйрөнүшөт. Тигүү машиналары коюлган атайын бөлмөлөрдө кездемелерден түрдүү куурчактарды, балдар кийимдерин тигишет. Мындан сырткары спорт аянтчаларда мелдештерди өткөрүшөт. Тамак-аш 4 ирет атайын ашпозчулардын жана тарбиячылардын көзөмөлүндө берилип турат.

Албетте, көмөкчү жатак мектеп өкмөттүн, Билим берүү министрлигинин, жергиликтүү жетекчилердин жана коомчулуктун көзөмөлүндө турат. Мындай камкордукка муктаж балдардын тамактануусуна, эс алуусуна жана ден соолугуна өзгөчө басым жасалат. Медайым такай көзөмөлгө алып, ар бир балага медициналык талдоо жүргүзүп турат. Ал эми ата-энелер комитетинин төрайымы, Сокулук районунун тургуну 45 жаштагы Елена Бекасова такай келип, бардык тармактар боюнча текшерип, өз оюн ата-энелер жыйынында, педагогикалык кеңешмеде билдирет. Иш ыргагы боюнча эч кандай жаман пикирлер жарала элек.

«Мектептин материалдык-техникалык базасы күн санап чыңдалууда. Мисалы, директор Венера Наспекова жылуулукту камсыз кылуу үчүн мектептин бардык терезелерин алмаштырды. Айлана-чөйрөнү көрктөндүрдү. Демөөрчүлөрдү таап, жолдорду асфальтатты. Мындай иштер арбын. Бирок көйгөйлөрүбүз да жок эмес. Акыл-эсинен жабыркаган балдар жашап, билим-тарбия алып жаткан жайга өтө зарыл – кечиктирилгис түрдө видеокөзөмөл коюу керек. Балдардын коопсуздугун колго алуу – баарыбыздын милдетибиз. Ошондой эле ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатуу зарыл. 3-4 айлап балдарынан кабар албай койгондор да жок эмес. Бала сагынат, кусаланат. Ошондон ыйлашат. Тарбиячылар эптеп жатып ийге келтиришет. Бизде тамаш-аш эң жакшы жолго коюлган. Бирок электр энергиясы жок учурларда казанга тамак бышырышат. Бул ашпозчуларга гана эмес, окуучуларга да бир топ түйшүктү жаратат. Азыр технология жетишкен заманда техникалык жабдуулар менен камсыздаса болот эле. Бул маселелер өтө орчундуу жагдай. Ошондо көмөкчү жатак мектепке зор көмөк жаралмакчы.

Медайым Индира Өмүржанова тасыккан кесипкөй. 10 жылдан ашуун бул жайда эмгектенип, ар бир баланын мүнөзүн, ден соолугун терең өздөштүргөн», - деп айтып берди С.Молдошерипов.

Ал эми жакында эле жатак мектептен качкан 13 жаштагы Айгиза оорубай эле, акыркы күндөрү апасын сагынып ыйлаганын айтып жүргөнүн кошумчалады.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up