Жалпы республикалык тестирлөөгө кошумча каттоо качан болот?

Жалпы республикалык тестирлөөгө кошумча каттоо качан болот?

Билим АКИpress - Жалпы республикалык тестирлөөгө катталууга жетишпей калгандар үчүн кошумча каттоо 17-майда (1-этап) жана 20-майда (2-этап) жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун сайтында маалымдалат.

Республика боюнча 130дай тестирлөө борборлору уюштурулат.

Тесттер абитуриенттер үчүн тандаганына жараша 2 тилде сунушталат: тест берүүчү кайсы тилде ийгиликтүү тест тапшыра алышына жараша кыргыз жана орус тилдери.

Негизги тест жана ошондой эле ар бир предметтик тест үчүн каттоо төлөмү мурунку жылдардагыдай эле 320 сомду түзөт.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up