Илимдер академиясында Кол жазмалар фондундагы жарыялана элек жана мурун жарыяланган адабияттарга кошумча эмгектердин бет ачары өтөт

Илимдер академиясында Кол жазмалар фондундагы жарыялана элек жана мурун жарыяланган адабияттарга кошумча эмгектердин бет ачары өтөт

Билим АКИpress - 2019-жылдын 30-апрелинде УИАда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан уюштурулган Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча кол жазмалар фондундагы жарыялана элек жана мурун жарыяланган адабияттарга кошумчаланып жарык көргөн «Залкар акындар», «Айтыш» серияларынын, орто кылым адабияты, акындык өнөр боюнча «Классикалык изилдөөлөр» сериясынын бет ачары болот.

Иш-чаранын жүрүшүндө Тил жана адабият институту тарабынан даярдалып, академик Абдылдажан Акматалиевдин жалпы редакциясынын астында жарык көргөн китептер менен тааныштыруу, китеп көргөзмөсү уюштурулат. Ошондой эле Кол жазмалар фондунда сакталган белгилүү классикалык төкмө акындардын ырлары, кол жазмаларынын түп нускалары боюнча кыскача маалымат берилип, слайд көрсөтүлөт. Төкмөчүлүк өнөрдүн, айтыш жанрынын практикалык негизин көрсөткөн маданий иш-чарага да орун берилет.

Иш-чарага Президенттик аппараттын, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүк аппараттын, министрликтердин, Жазуучулар союзунун өкүлдөрү, окумуштуулар, адабиятчылар, манас таануучулар, чыгармачыл инсандар, ЖОЖдордун окутуучулары ж.б. катышат.

КР Улуттук илимдер академиясы Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан «Классикалык изилдѳѳлѳр», «Залкар акындар» жана «Айтыш» сериясынын алкагында басылып чыккан китептердин тизмеси:

«Залкар акындар» сериясы:

1. 1-том: Кетбука, Асанкайгы, Токтогул ырчы, Калыгул, Арстанбек;
2. 2-том: Калмырза, Чоңду, Эсенаман, Үмөтаалы;
3. 3-том: Жеңижок;
4. 4-том: Музооке, Айтыке, Коргоол, Эшмамбет;
5. 5-том: Токтогул;
6. 6-том: Тоголок Молдо, Алдаш Молдо;
7. 7-том: Калык, Осмонкул;
8. 8-том. Балык, Солтобай, Жаныш;
9. 9-том. Молдо Кылыч, Абдираим Шама;
10. 10-том. Молдо Нияз, Молдо Багыш, Ниязалы Молдо, Ѳмѳр Молдо;
11. 11-том. Барпы Алыкулов;
12. 12-том. Нурмолдо, Боогачы, Казыбек;
13. 13-том. Ысак Шайбеков, А.Жутакеев, А.Чоробаев, А.Бердибаев;
14. 14-том. Алымкул, Токтонаалы, Ысмайыл;
15. 15-том. Токтосун, Ашыраалы, Эстебес, Тууганбай;

«Айтыш» сериясы:

16. «Айтыш», 7 томдук;

«Классикалык изилдөөлөр» сериясы:

17. «Акындар чыгармачылыгы», 4 томдук;
18. «Орток түрк адабияты», 2 томдук.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up