Ошто окуучулар арасында жомок айтуу сынагы өттү (сүрөт)

Ошто окуучулар арасында жомок айтуу сынагы өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Ош шаарындагы башталгыч класстын окуучуларынын арасында Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата жомок айтуу сынагы болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башталгыч класстар боюнча усулчусу Мумина Мирзакаримова өзүнүн социалдык түйүндөгү баракчасында жарыялады.

Анын айтымында, бул сынак март айында мектептик баскычта, андан кийин зоналык баскычта өтүп, 27-апрель күнү шаардык баскыч менен жыйынтыкталган. Бул сынакты өткөрүүнүн негизги максаты — башталгыч класстын окуучуларын китепти сүйүүгө, жомоктор аркылуу татыктуу тарбия алууга үндөө.

«Бул сынактын жүрүшүндө башталгыч класстын окуучуларынын бирөө жомокту баяндап берсе, калгандары сахналык көрүнүштү көрсөтүп беришти. Сынакты баалоодо окуучулардын актердук чеберчилиги, образдуулугу, жомоктун тарбиялык мааниси, тандаган формаларына айрыкча көңүл бурдук. Жыйынтыгында шаарыбыздагы № 9, № 31, № 38, № 40 жана № 49 мектептин окуучуларынын эмгектери жогору бааланып, башкармалыктын дипломдору, акчалай сыйлыктары менен сыйланышты», - деп кошумчалады М.Мирзакаримова.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан демилгеленген жомок айтуу сынагы быйылкы жылды кошкондо экинчи ирет өтүп, анын экинчи баскычына шаар боюнча 50дөн ашуун мектептин окуучулары катышкан.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up