Жаңы-Тилек айылындагы мектепке 3 компьютер берилди (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Жаңы-Тилек айылындагы С.Жусупбаев атындагы орто мектебине компьютерлер берилди. Бул тууралуу аталган мектептин директору Мирбек Чырмыев билдирди.
Маалым болгондой, 29-апрель күнү Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан аталган мектепке 3 даана компьютер тапшырылды. Компьютерлерди райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев тапшырды.
Бул макала Билим АКИpress басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
×