«Жаш мугалим - 2019» сынагынын финалисти Бактыгүл Жапар кызы: Кичинемден эле мугалим болгум келчү (видео, сүрөт)

Жапар кызы Бактыгүл
Жапар кызы Бактыгүл

Билим АКИpress - Билим берүү тармагында, айрыкча бүгүнкү күндүн мугалимдеринин коомдогу ордуна кайдыгер карабаган жарандарыбызга маалым болгондой, жакында эле Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулуп жаткан «Жаш мугалим - 2019» сынагы старт алган. Жогорку Кеңештин депутаты, коомдук ишмер Абдывахап Нурбаевдин демилгеси жана демөөрчүлүгү менен жарыяланган бул сынактын дагы бир финалисти Ош шаарындагы №50 П.Нышанов атындагы мектеп-гимназиясынын жаш мугалими Бактыгүл Жапар кызы. Ал өзүнүн ишмердүүлүгү, сынакка катышуусу жана үй-бүлөсү тууралуу аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

- Саламатсызбы? Алгачкы суроом, мугалимдик кесипти тандооңузга эмне себеп болду жана иштегениңизге канча убакыт болду?

- Саламатчылык. Мен Ош шаарындагы №50 П.Нышанов атындагы мектеп-гимназиясында география мугалими болуп эмгектенем. Иштегениме 2 жылдын жүзү болду. Ал эми мугалим болуп калышыма бул же ал нерсе түрткү болду деп айта албайм. Себеби өзүм кичинемден эле кызыкчумун. Мектепте окуп жүргөнүмдө «кайсы кесиптин ээси болгуң келет?» деп сурашса, «мугалим» дей берчүмүн. Мен бул тармакка кокусунан эле келип калган эмесмин.

- Өзүңүз жөнүндө айта кетсеңиз? Балалыгыңыз, үй бүлөңүз...

- Өзүм 1996-жылы Ош облусунун Алай районуна караштуу Корул айылында туулгам. Балалыгым ушул айылда өттү. Эртең менен үйдөн чыгып, кечке жуук келер элек. Көчөлөрдү чаңдатып ойночубуз. Тоолордон ар кандай чөп-чар терип, дээрлик жаныбыз тынчу эмес. Апама жардам берип, кошо аралашып жүрө берген аябай жакчу. Жайлоодо түн кирип, жумуштарыбызды бүткөн соң апам жанына отургузуп алып, жалт-жулт этип тээ алыстан көрүнгөн айылды карап, ырдап берчү. Ал эми эртең менен жер жарык боло элек туруп, булактан суу ташып келчүмүн. Эгерде артка кылчайып, балалыгыма кайрыла турган болсом эң сонун, кооз, бактылуу көз ирмемдер көзгө тартылат. Балким, ошондон эле зирек, чыдамкай, өжөр болуп калыптансам керек. А апамдан өзүмө сиңирип алган мээрим менен азыр өзүмдүн окуучуларыма мээрим төгүп жаткандырмын.

Үй-бүлөдө 4 бир тууганбыз. Алардын ичинен бул тармакта жалгыз эле мен иштейм. Ата-энем жеке ишкерлик менен алектенет. Эжем үй-бүлөлүү жана өзүмдөн кичүү эгиз инилерим бар. Бир туугандарым медицина, технология тармактарында эмгектенишет.

- Эмне үчүн башка предметтердин ичинен географияны тандаганыңыз кызык болуп жатат...

- Мектепте окуп жүргөнүмдө география сабагын окуткан эжейим ушул предметти тандашыма себеп болду окшойт. География предмети окутула баштагандан тарта эле кызыгуу менен окудум. Мугалимим да кесибин мыкты билгендиктен, кызыктуу менен өтчү. Кийинчерээк география сабагынан олимпиадаларга катышып, райондук, облустук баскычтарда алдыңкы орундарды алып жүрдүм.

Мектепти аяктаган соң эч ойлонбой Ош мамлекеттик университетинин табият таануу жана география факультетинин география бөлүмүнө бардым. Пайдубал болгон үчүн көп кыйналбадым, бирок өтө кызыгуу менен окудум. Окуу жайда да бир топ ийгиликтерди жараттым. Ар жыл сайын Ош, Жалал-Абад, Баткен аймагындагы окуу жайлардын студенттеринин арасында «Түштүк регионалдык олимпиада» болуп өтөт. Ушул олимпиадага 3 жыл катары менен катыштым. Алгач 2-курсумда бардым, анда 3-орунду камсыз кылдым. Кийинки жылдары, 3-4-курсумда 1-орунду багындырдым.

Андан соң «Кыргыз география коому» тарабынан уюштурулган Кыргызстандагы ЖОЖдор арасында студенттердин республикалык олимпиадасынан 2-орунду багындырып кайттым. Андай учурда өзүмдө аябай чоң жоопкерчилик турганын сезет элем. Негизи эле олимпиадага даярданып жатканда артымда мугалимдерим, университетим турат деп ишенип, күтүп турганын элестетчүмүн. Алардын ишеничин акташ үчүн болгон күч-аракетимди жумшачумун.

- Бул ишти алып кете албай калам деп корккон жоксузбу?

- Негизинен биздин жумуш өтө жоопкерчиликтүү. Ар кандай кырдаалдар болуп калат. Андай учурларда маселени оң тарапка чечүүгө аракет жасайм. Бирок жаңыдан жумушка кирип жатканда өтө деле чоң коркунуч болбоду. Себеби өзүм ушул кесипти тандагам жана жоопкерчиликтүү, татаал иш экенин баштадан эле билчүмүн. Негизи өжөрмүн, бир иш баштасам аракеттенип жүрүп, аягына чыгарам. Азыр биз жашпыз, энергияга толуп турган учурубуз. Өзүбүздү ар тараптан сынообуз зарыл. Бардык нерселерге жетишкенге аракет кылам. Мугалим болгондон кийин моюндагы жоопкерчиликти сезип, жаш болсоң да олуттуу болуп калат экенсиң.

Мугалимдиктен сырткары, учурда ОшМУнун магистратура бөлүмүндө туризм багытында окуйм. Даракка деле суу куйсаң көктөйт да, мына ошондой эле адам өзү да күн сайын изденип, өзүнүн үстүнөн иштеп, өзүн өнүктүрүү керек деп ойлойм. Убакыттын кандай өткөнү да байкалбайт. Жумуштан чыккан соң кошумча курстарга да барганга жетишем.

2 жылдан бери класс жетекчилик кылган классым бар. Алар мага баарынан өзгөчө көрүнөт. Өзүңдүн классыңа эмнегедир жакын болуп калат экенсиң. Алар да бир күн көрбөй калышса издеп турушат. Класс менен иштешкен мугалим гана чыныгы мугалимдиктин даамын татса керек деп ойлойм.

- Кесиптештериңиз жаш адисти кандай кабыл алышты?

- Кесиптештерим жакшы кабыл алышты десем болот. Жаш адистерге атайын насаатчы мугалим дайындалат. Мен насаатчы мугалимим менен тыгыз байланышта болуп турам. Сабактарына катышам, насаатчым идеялары менен бөлүшөт, кээде экөөбүз отуруп алып талкуу жүргүзөбүз. Жетекчилербиз да ар дайым жаш мугалимдерди колдоп турушат.

- Учурда да ийгиликтерди жаратып жаткандырсыз...

- Ооба, кудайга шүгүр. Аракетке берекет дегендей, колдон келишинче ийгиликтерди жаратып жатабыз. Ош шаарында жыл сайын мугалимдердин диагностикалык аттестациясы болуп өтөт. Мында өз предметибизден тест тапшырабыз. Бул сынакта алдыңкы ондукка экинчи болуп кошулгам. Бул да мен үчүн сыймык. «Дарак бир жерден көгөрөт» деп бекеринен айтылбаса керек. Болгону аракет кылып, ысык-суугуна чыдаш керек.

Өзүңдүн ийгилигиңден да, окуучуларыңдын ийгилиги ары таттуу, ары сыймыктуу болот экен. Даярдаган окуучуларым олимпиаданын шаардык баскычында алдыңкы орундарды алып жүрөт. Көрсө, окуучунун ийгилик жаратышына себепкер — мугалим болот турбайбы. Мүмкүн, башында байкабай, ыраазычылык айтпасам керек. Эми гана өзүм даярдап, ийгилигине ортоктош болуп сезип отурам. Учурдан пайдаланып, мектепте окуткан мугалимдериме, окуу жайдагы окутуучуларыма ыраазычылыгымды айтар элем.

- «Жаш мугалим - 2019» кароо-сынагына катышып жатыптырсыз. Ушул жөнүндө айта кетсеңиз?

- Ооба, Ош шаарында эки жылдан бери Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаевдин демилгеси жана демөөрчүлүгү менен «Жаш мугалим» кароо-сынагы өтүп келүүдө. Мында эмгек тажрыйбасы 3 жылга чейин, жашы 30га чейинки шаардагы жаш мугалимдер катыша алат. Бул сынактын максаты — жаш мугалимдердин кесибине болгон сүйүүсүн жандантуу жана стимул берүү. Быйыл өзүм ушул сынакка катышам деп максат койгом. Буга чейин документтерибизди текшертип, ачык сабактарды өттүк, соцтармактардан онлайн добуш чогулттук, коомдук иштерге активдүү катыштык.

Учурда 7 мугалим 2019-жылдын 15-майында өтүүчү финалга кызуу даярданып жаткан чагыбыз. Жетөөбүз тең бири-бирибизге колдон келген жардамыбызды берип турабыз. Баарыбыздын эле максатыбыз бир. Болгону шаарыбызда ушундай жаш, билимдүү, таланттуу, чыгармачыл мугалимдер бар экенин элге көрсөтүү.

- Маегиңизге чооң рахмат. Ийгиликтер коштосун!

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up