Москва районундагы №28 Кыргыз-Россия кесиптик лицейи 600дөн ашуун окуучуну чогултту

Москва районундагы №28 Кыргыз-Россия кесиптик лицейи 600дөн ашуун окуучуну чогултту

Билим АКИpress - Чүй облусунун Москва районундагы №28 Кыргыз-Россия кесиптик лицейинде Ачык эшиктер күнү өттү. Бул тууралуу аталган лицейдин мугалими Наталья Путилина аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, иш-чарага Москва жана Жайыл райондорунан 600дөн ашуун ата-энелер жана мектеп окуучулары катышты.

«Кесиптик лицейибизде Ачык эшиктер күнү жыл сайын өткөрүлүп келет. Бул күнкү өзгөчөлүк — катышуучулар жаңыдан ишке киргизилген окутуунун жаңы технологиялары, техникалык жабдуулар жана күнөсканада окуучулар өстүргөн гүлдөрдүн, жашылчалардын көчөттөрү менен таанышты. Окуу жайдын материалдык-техникалык базасына саякат жасалып, мугалимдер кесиптик билим берүүдө алдыңкы иш тажрыйбаларын айтып беришти. Лицейдин директору Сагынбек Чагарбаев түрдүү суроолорго жооп берип, кесипке ээ болуунун маанилүүлүгү жөнүндө түшүнүктөр берилди. Ал эми иш-чаранын соңунда окуу жайдын үгүт бригадасы тарабынан концерт тартууланып, окуучулар өз өнөрлөрүн көрсөтүштү», - деди Н.Путилина.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up