Оштун мугалимдери туризм боюнча сынакта ат салышты (сүрөт)

Оштун мугалимдери туризм боюнча сынакта ат салышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Ош облусунда мугалимдердин туристтик край таануу мелдеши болуп өттү. Бул тууралуу туризм жана экология бөлүмүнүн усулчусу Орозбү Сулайманова билдирди.

Маалым болгондой, иш-чара Алай районундагы «Капчыгай» эс алуу лагеринде уюштурулуп, 5 күнгө созулган мелдеште катышуучулар 8 номинация боюнча күч сынашты. Мелдешке Араван, Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат, Кара-Кулжа райондорунан мугалимдер жана окуучулар катышкан.

Сынактын ачылышына Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун директору Рахман Назаров, мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринин облус боюнча координаторлору жана Алай районунун акиминин орун басары Бактыбек Осмонов жана башкалар келишти.

Мелдештин негизги максаты — мектептердеги жана мектептен тышкаркы туризимди өнүктүрүү, туулган жер боюнча маалыматтарды, билимди бышыктоо. Туристтик тажрыйбаларды алмашуу жана бышыктоо болуп саналат.

5 күндүк мелдеште катышуучулар турист катары жашап, өздөрүн бул чөйрөдө сынап көрүштү.

Сынактын жыйынтыгы:

1. Спорт — Өзгөн району 1-орун;

2. Топосъемка — Араван району 1-орун;

3. Туристтик техника — Араван району 1-орун;

4. Туристтик жашоо — Өзгөн району 1-орун;

5. Көркөм чыгармачылык — Кара-Суу, Өзгөн райондору 1-орун;

6. Корреспонденция — Өзгөн району 1-орун;

7. Улуттук оюндар — Өзгөн району 1-орун;

8. Ашпозчулар сынагы — Ноокат, Өзгөн райондору 1-орун ;

Аталган мелдеш жыл сайын өткөрүлүп келет.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up