Мугалимдер.kg: Кара-бууралык Клара Казыбекова: Карыбас кесибим менен сыймыктанам

Мугалимдер.kg: Кара-бууралык Клара Казыбекова: Карыбас кесибим менен сыймыктанам

Билим АКИpress басылмасы Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте «Мугалимдер.kg» рубрикасын улантат. Анда түйшүктүү милдетин аткарып келе жаткан мугалимдер тууралуу сөз болот.

Бүгүнкү каарманыбыз — Кара-Буура районунун 45 жаштагы тургуну Клара Казыбекова. Ал 17 жылдан бери балдарга билим берип келет. Мугалим менен аймактык кабарчы таанышты.

К.Казыбекова 1974-жылы Кара-Буура районуна караштуу Арчагул айылында төрөлгөн. Ушул эле айылдагы мектепте 17 жылдан бери башталгыч класстарга билим берип эмгектенип келет.

«Бишкектеги И.Арабаев атындагы университетти аяктагам. Апамдын жолун жолдоп, кичинемден каалап келген кесип менен иштеп, мотурайган балдарга билим берип келем. Апам дагы башталгыч класстын мугалими болуп эмгектенген, бүгүнкү күндө ардактуу эс алууда. 17 жылдан бери балдарга мыкты пайдубал түзүп берейин деп изденип, чыгармачылык менен иштеп келем. Бир буюм көрүп калсам ошону колдонуу менен балдарга сабак өтүп, теманы түшүндүрүп берсем деп пландай берем. Жашап жаткан жашообуз өзү чоң мектеп, жаңы ой-идеялар жаралып калат. Далалаттанып, изденип жатып окуучулар үчүн жаралганымды сездим.

«Жыл мугалими» сынагына катышып, ийгилик жаратып, көптөгөн грамоталарга ээ болгом. Карыбас кесибим менен сыймыктанам. «Күнүмдүк тиричилигим калып калды» деп өкүнбөйм, ал убактылуу. Ал эми мугалимдик кесип түбөлүктүү, себеби мен өмүр бою балдардын жан дүйнөсүнөн орун алып, билим берип, алардын казынасын кеңейтип эмгек кылып келем. Албетте, ак-кара жанаша жүрөт, бул ардактуу кесиптин дагы түйшүгү болот. Эгер балдарың үйрөтүп-көрсөткөн нерселерди андан ары улап кетсе, баягы түйшүк унутта калат. Аларга тамга таанытып, түшүнүү менен шар окутуп, негизги базасын түзүп берип, мээнеттенип келем. Бүтүп кеткен балдарыбыз кызматтарда иштеп же жакшы иш менен эл оозуна алынып калса, «мен окуткан окуучу» деп сыймыктанып калам. Мотурайган балдар таза мүнөзгө ээ болуп, кабыл алуу жөндөмдүүлүктөрү дагы күч болот. Ошондуктан бир ыкма менен сабак өтпөстөн, ар кандай ыкма аркылуу теманы жеткирүүгө аракет кылам», - деп айтып берди мугалим.

К.Казыбекова жалпысынан 6 класс бүтүргөнгө жетишти.

«Башталгыч класстардын секциясын жетектеп, мугалимдер болуп 1-4-класстагы окуучулардын ата-энелери менен бирге кезектешип, программа боюнча өрнөк ишин уюштурганбыз. Бул иш-чарада «Жомоктор дүйнөсүндө» деген аталышта ата-энелер балдары менен биргеликте жомоктон үзүндү көрсөтүп беришет. Бир класс 3-4 топко бөлүнүп иштешет. Башында ата-энелер «ушул сынакты токтотуп эле коюшса болмок» дешсе, бүгүнкү күндө кубануу менен иштеп келишет. Тескерисинче жомоктордогу каармандардын формасына чейин тиктиришип, ушундай берилгендик менен даярданып, «бат-баттан балдар менен аралашып турсак экен» деп айтышат», - дейт ардактуу кесиптин ээси.

Клара Казыбекова 3 баланын апасы.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up