10 жашында мыкты мушкер болгон Абай жеңилип калганда ыйлап жибергенин унутпайт (сүрөт)

10 жашында мыкты мушкер болгон Абай жеңилип калганда ыйлап жибергенин унутпайт (сүрөт)

Билим АКИpress үлгүлүү, таланттуу окуучулар жана студенттер менен тааныштырууну улантат. Кезектеги каарманыбыз — 6 жашынан спорт менен машыккан Абай Камчыбеков. Ал «Мыкты мушкер», «Жылдын алдыңкы каратисти» деген наамдарга жетишип, бир катар спорттук мелдештерде ийгилик жараткан.

Абай 2008-жылдын 31-июлунда Бишкек шаарында төрөлгөн. «Кичи мекеним — Нарын облусунун Жумгал районундагы Байзак айылы. №5 Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде (мурунку №5 Улуттук компьютердик гимназиясы) 5-класста окуйм. Ал эми спортко 6 жашымдан тарта аралаша баштагам. Спорттун каратэ-до WKF түрү менен машыгып келем. 30дан ашык мелдештердин жеңүүчүсү болуп, медаль, грамота, кубоктор менен сыйлангам. 2017-жылы Кара-Балта шаарында өткөн мелдеште, 2018-жылы Бишкек шаарында өткөн эл аралык турнирде «Мыкты мушкер» наамын жеңип алгам. 2019-жылы жыл жыйынтыгында өз курагымдагы балдардын арасында көп упай топтоп, «Жылдын алдыңкы каратисти» наамына ээ болдум», - деп айтып берди ал.

Абай спорттун аркасы менен Россия, Казакстандын бир катар шаарларын кыдырууга да жетишти.

«Казакстандын Тараз, Актау, Алмата, Ак-Төбө шаарларында, Россиянын УФА, Оренбург, Новосибирск шаарларында жана Кыргызстандын Бишкек, Кара-Балта, Ош, Жалал-Абад, Кара-көл, Балыкчы, Чолпон-Ата шаарларында өткөн мелдештерге катышкам. Бул шаарлардын айрымдарына жыл сайын мелдеш болгондо барып турам», - деп айтып берди.

Жаш спортчу жакында эле Новосибирск шаарында өткөн Бүткүл Россиялык «Кубок успеха» аттуу турнирге катышып, 2-орунду камсыздап келди.

«Бул турнир 6-7-апрелде Новосибирск шаарында 24-жолу өткөрүлдү. Абдан чоң турнир экен. Жалпы 1500дөй спортчулар катышты. Андан тышкары, мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулардын да мелдеши өттү. Мелдеш 2 күнгө созулду. Кыргызстандан барган команда быйыл биринчи жолу катышты. Жалпы эсепте Россия 1-орунду, Кыргызстан 12-медаль алып, 2-орунду, Казакстан 3-орунду ээледи. Тилекке каршы, бизде 1-орунду алгандар болгон жок. Мен 2-орунду багынттым. Финалдык мелдеште Новосибирск шаарынан барган балага 1:0 эсебинде утулуп калдым. Жакында 21-22-апрелде Кара-Көл шаарында өспүрүмдөр арасында каратэ-до боюнча Кыргызстандын чемпионаты өткөрүлөт. Учурда жакшы даярдык көрүп жатам», - деди ал.

Абай спорттон сырткары англис тили курсуна барарын кошумчалап, футболго да кызыгарын билдирди.

«Спорттон тышкары англис тили курсуна барам. Бош учурда байкелерим менен футболго да барып калам. Жакшы билим алып, келечекте Кыргызстанды өнүктүрүүгө өз салымымды кошсом дейм. Жеңилгенди жаман көрөм. Бир жолу жеңилип калып, аябай ыйлап жибергенимди эч унута албайм» - деди ал.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up