«Кесип кербени» Кыргызстан боюнча бүтүрүүчү класстардагы 350 окуучуну камтыды

«Кесип кербени» Кыргызстан боюнча бүтүрүүчү класстардагы 350 окуучуну камтыды

Билим АКИpress - «Кесип кербени» жүрүшү Талас облустук мектеп-гимназиясындагы тренинг менен 24-апрелде ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Бүтүрүүчү класстардагы 50 окуучу биринчи жолу өз психотиби жана жакшы өнүккөн жөндөмдөрүн коуч-психологдун кесипкөй жардамы менен үйрөнө алышты.

«Тренингдердин негизги максаты — өспүрүмдөргө болочок кесибин тандоого жардам берип, турмуштагы ийгиликке шыктандырып, квалификациялуу психологиялык жардам менен өзүнө болгон ишенимин бекемдөө.

«Майерс-Бриггс типологиясы: MBTI» тренинги — өздүк жүрүм-турумду түшүнүүгө өбөлгө. Тренингдеги тапшырмаларды аткаруу маалында коуч-психолог менен катышуучулар инсандык типтердин белгилерин байкап, аныкташат. Жыйналган маалыматты иштеп чыгып, инсандын психологиялык бейнеси түзүлөт да, анын негизинде ар бир адамга баарынан жагымдуу боло турган тармактар жөнүндө тыянак чыгарууга болот. Ал эми кесип тандалып калган учурда, инсандын тубаса күчтүү жактарын эске алуу менен ал жаатта ийгиликтерди арттырууга сунуштар берилет. Өзүнүн инсандык тибин билүү — жан дүйнөнүн купулуна толчу кесип тандоого жана керексиз кыйынчылыктардын алдын алууга жардам.

Тренингдин коуч-психологу Сейил Калдыбаева белгилегендей, өспүрүм куракта өзүн инсан катары кабыл алуудагы трансформация өтө маанилүү. Өзгөчө өз алдынча өркүндөө жана психология боюнча маалымат тартыш болгон алыскы аймактардагы балдарга керек. Өзүнө жана өз күчүнө ишенген бүтүрүүчүлөр кесипке ээ болууда билим алуусун ийгиликтүүрөк улантат. Мисалы, Таластагы өспүрүм кыздар келечекте инженердик кесипти окуп, космостук технологияларды өздөштүрүүгө дарамети толук жетерине көзү жетти жана ага чектөө жалаң гана стереотиптер.

Ал эми окуучулардын бири ички жан дүйнөсүндөгү өзгөрүүлөрүн мындайча сүрөттөдү: «Мен ушул убакытка чейин өзүмдүн сапаттарымды эң жаман деп ойлоп жүрчүмүн. Тренингден кийин менин мүнөзүм жакшы экенине көзүм жетти. Өзүмө ишеним пайда болду».

«Таңууланган жана туура келбеген кесип ээлери эмес, өзүнүн жеке сапаттарын ийгиликтүү өркүндөтүү аркылуу ийгиликке жеткен, шыктанган жана өзүнө ишенген жаштар гана Кыргызстанды өнүктүрө аларын түшүнүүбүз маанилүү», - деп белгиледи долбоордун координатору, билим берүүчү www.aha.kg ресурсунун негиздөөчүсү Айгүл Догдурова.

«Кесип кербени» аркылуу 9-апрелден 24-апрелге чейин республика боюнча мектеп-интернаттардан бүтүрүүчү класстагы 350 окуучу тренингден өттү. «Кесип кербени» жаштар үчүн билим алуунун маанисин терең жеткирүү менен толук маалыматка ээ болуп жана акыл калчап туруп гана карьералык жол тандоо тууралуу маалымат берүү максатын көздөйт. Долбоор Билим берүү жана илим министрлиги менен www.aha.kg билим берүүчү ресурсу биргелешип, Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу аркылуу жүзөгө ашырылууда.

«Кесип кербени» Европа биримдигинин Билим берүү секторуна бюджеттик жардам программасынын маалыматтык компоненти алкагында мектеп-интернаттар үчүн уюштурулган.

Европа биримдиги мектептерге инновацияларды киргизүү, куррикулумду (окуу программасы) жаңыртууга мугалимдерди даярдоо сапатын жакшыртуу, инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү каралган реформалар үчүн Кыргызстанга 29 млн 375 миң евро берген.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up