Манас районундагы окуучулар Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон баатырларды эскеришти (сүрөт)

Манас районундагы окуучулар Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон баатырларды эскеришти (сүрөт)

Билим АКИpress - Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына карата 30-апрелде Манас районунда Ардагерлер кеңешинин төрагалары менен мектеп окуучуларынын жолугушуулары болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган райондун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Замирбек Маркашов билдирди.

Анын айтымында, Талас облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы Мунур Мамбеталиев баш болгон райондордун ардагерлер кеңешинин төрагалары Манас районунун мектептерин кыдырып, окуучулар менен жолугушуу кечелерин өткөрүштү. Анда согуш учурунда курман болгон баатырлар эскерилди. Коноктор болсо окуучулардын окууларына ийгилик каалашты.

«Бизге ушул гүлдөгөн заманды алып келген согуш ардерлерин эч убакта унутпашыбыз керек. Силер окуучулар, ар дайым баатырлар менен сыймыктангыла. Алар биздин жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат. Эч качан, эч убакта унутулбайт. Арабызда саналуу гана баатырлар калды. Колдон келишинче ыраазычылык билдирип жүрөлү», - деп айтты Мунур Мамбеталиев.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up