Жалал-Абад шаарында Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө карата иш-чара өттү

Жалал-Абад шаарында Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө карата иш-чара өттү

Билим АКИpress - Ноокен районунда Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө карата райондук-шаардык жаштар кеңешинин облустук семинары болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык комитетинин жаштар кеңешинин төрагасы Максат Мамасыдыков билдирди.

Анын маалыматы боюнча, семинарда эмгекти коргоо боюнча баяндамалар окулду. Ошондой эле М.Мамасыдыков Жаштар кеңешинин иш тажрыйбасы боюнча презентация жасады. Ал жаштардын кесипке болгон кызыгуусун арттыруу жана кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү боюнча бир топ иштер аткарылып жаткандыгын айтып өттү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up