Кара-Көлдө Китеп күнү белгиленди

Кара-Көлдө Китеп күнү белгиленди

Билим АКИpress - Кара-Көл шаардык китепканада 23-апрелде Китеп күнүнө жана кыргыз тили мамлекеттик тил макамын алгандыгынын 30 жылдыгына карата иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ч.Айтматов атындагы балдар чыгармачыл үйүнүн ийрим жетекчиси Р.Тезекбаева билдирди.

Маалым болгондой, шаардык китепкананын директору Д.Максуталиева китептин пайдасы, анын окурмандардын жан дүйнөсүн байытууга тийгизген таасири жана китепкананын жүргүзгөн иштери тууралуу баяндады.

Китеп жөнүндө «Саамалык» аттуу сахналаштырылган үзүндү менен башталып, китеп, эне тил тууралуу макал-лакап, ырлар менен коштолгон программаны Ч.Айтматов атындагы балдар чыгармачыл үйүнүн драмалык ийриминин катышуучулары аткарышты.

Шаардагы таланттуу мугалимдер: Кошматова Разия, Юлдашева Замира, Кайырбекова Жамила жана Тезекбаева Раиса менен окурмандар жолугушуп, алардын китеп, эне тил жөнүндөгү ырларын №2 Ч.Түлөбердиев атындагы инновациялык мектебинин окуучулары көркөм окуп беришти. Ошондой эле окурмандар жаңы китептер менен таанышып, бул күндү пайдалуу өткөргөнүнө ыраазы болуп кайтышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up