«Билим кербени» Кара-Көл шаарында

«Билим кербени» Кара-Көл шаарында

Билим АКИpress - Кара-Көл шаарында «Билим кербени» долбоорунун алкагында 24-апрелде «Билим берүүнүн мамлекеттик стандарттары, окуу программалары жана компетенттүүлүктөр» деген аталыштагы иш-чара өттү, деп билдирет Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Аталган иш-чарага шаардагы мугалимдердин баары катышууда.

Бул иш-чаранын негизги максатын билим берүү академиясынын президенти Токтомамбетов Алмазбек аймактык кабарчыга айтып берди.

«Билим кербени» иш-чарабыз эки максатта өтүүдө. Эң негизгиси — мугалимдер менен көзмө-көз жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн, муктаждыктарын аныктап, аларга жардам берүү, көмөк көрсөтүү. Анткени миң уккандан бир көр дегендей, бетме-бет отуруп сүйлөшкөн такыр башка. Экинчиси — ушул мугалимдер менен иштөө аркылуу Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлеринин дараметин көтөрүү.

Билимдер академиясын жаңылоо боюнча иш аракеттер жүрүп жатат. Муну Билим берүү жана илим министирлиги колго алып баштаган. Жетекчилик дагы алмашып, жаңы жетекчилик, биз дагы жаңы багытта иш жүргүзсөк деген ойдо элек», - дейт А.Токтомамбетов.

«Билим кербени» аттуу иш-чара алгач 22-апрелде Ысык-Атадан башталды. 24-апрелде Кара-Көл шаарында улантылды.

«Кара-Көлдүн мугалимдеринин, шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлеринин аракети бизди аябай кубандырды. Атайын бүгүн бизди келет деп, мектептеги окууну токтотушуп, биздин иш-чарага катышып жатышат. Ушунун өзү алардын жаңы маалыматтарга, билимге, кызматташууга муктаж экенин көрсөтүп турат. Максатыбыз ушул мугалимдер менен кызматташуу», - деп билдирди А.Токтомамбетов.

Анын айтымында, акыркы жылдары мугалимдердин убактысынын 35%ы керексиз иштерге короп жатканы белгилүү болду. Мисалы, кагаз толтурууга жана башка нерселерге.

«Биз ушул багытта мугалимдер менен иштешип, канткенде аларга жардам бере алабыз, эмгегин канткенде жеңилдете алабыз дедик. Ушул багытта баарлашып, макулдашалы деп иш-чараны өткөрүүдөбүз», - деди ал.

А.Токтомамбетовдун айтуусунда, Кыргыз билимдер академиясы билим берүүнү санариптештирүүнүн жаңы концепциясынын үстүндө иштеп жатат. Бир айдын ичинде бүтүп калса, Билим министрлиги бекитип берет деген ойдо. «Экинчиси, жаңы электрондук окуу китепти даярдоодобуз. Бул 5-класстын «Адам жана коом» деген китеби, жылдын аягына даяр болуп калат. Мында интерактивдүү формадагы, түрдүү тиркемелүү тесттер камтылган. Бул жаңы муундагы китеп болот. Мындан сырткары башка китептерди ушул багытта даярдасак деген ойлор бар», - деп билдирди агай.

26-27-апрелде Ош гуманитардык педагогикалык институтунда эки күндүк симпозиум болот. Анда да мугалимдердин чеберчилигин өнүктүрүүгө, анын иш тажрыйбасын байытууга басым жасалат. Эми өз ишине так, коюлган талаптарга жооп берген мыкты 5 мугалимге стипендия каралып жатат. Каражат жагы көбүнчө кызматташуу аркылуу табылып жатат. Стипендия алган мугалимдер өзүнүн деңгээлин көтөрүп, аны башкаларга жайылтуу керек.

Иш-чара №2 Ч.Түлөбердиев атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектебинде өткөрүлдү. Мында шаар мугалимдерине математика, химия жана биология, физика, көркөм өнөр (технология), музыка, кыргыз тили жана адабияты, орус тили, тарых, коом таануу, география, башталгыч класстарга билим берүү, тарбия маселелери боюнча предметтик стандарттар жана программалар боюнча окутуулар да уюштурулду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up